Бишкекте 10 жаштагы жоголгон кызды милиция бир нече саатта тапты
Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз бир нече сааттын ичинде табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Ленин РИИБинен билдирди.Маалыматка ылайык, 3-апрелде милицияга Ы.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 13:10 чамасында 2014-жылы туулган Ж.Н. аттуу кызы Чүй менен Павлова көчөлөрүнүн кесилишинен кичи автобуска отурган бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Милиция кызматкерлери дароо издөөгө алып, борбор калаанын аймагынан бир нече сааттын ичинде мурда дайынсыз жоголгон Ж.Н.ны табышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















