Ала-Букада тилемчилик кылган лөлү тектүү 11 жаран Кыргызстандан чыгарылды
3-апрелден 7-апрелге чейин Ала-Бука РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан тилемчи аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Аталган иш-чаранын максаты көчөдө ар кандай сүрөттөрдү кармап алышып, жалган маалымат менен элди алдап жүргөн шылуундарды аныктоо болуп саналат.
"Ала-Бука районунун борбордук базарында коңшу өлкөдөн келип тилемчилик кылган (лөлү тектүү) 11 жаран РИИБдин имаратына алып келинип, алардын өздүктөрү такталып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Аларга 3 айга Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынып, өздөрүнүн өлкөсүнө депорт кылынды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Azat-123
06.04.2024. 14:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
болот экенго ушинтип иштесе
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















