Боом капчыгайында 4 күн жол кыймылына чектөөлөр киргизилет
Боом капчыгайында 15-апрелден 19-апрелге чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп турат. Мындан улам жол кыймылына чектөөлөр киргизилип, унаалар жолду тазалоо учурунда бир тилке боюнча өткөрүлүп турат.
"Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















