Бишкек-Дубай аба каттамы токтотулду
Бириккен Араб Эмираттарында катуу жааган жамгырга байланыштуу Дубай жана Шарджа шаарларына кете турган аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абу-Даби каттамы кармалып турат. Учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды.
Белгилей өтсөк, кечээ, 16-апрелде Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөнү маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















