Аида Исатбек кызы мечиттерде зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады
Бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мечиттерде жума намаздын алдында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
Эл өкүлү соңку убактарда өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүп жатканын белгиледи.
"Жума намаздын алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча имамдарга тапшырма берсек. Аялдарга, балдарга, негизи эле адам болгондон кийин бири-бирибизге аярлуу мамиле кылсак дегенди эскертүү максатында иш-чараларды жүргүзсөк, балким, зордук-зомбулук азаябы деген үмүттөмүн", - деди Исатбек кызы.
Жогорку Кеңеш 18.04.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















