Депутат Жумабеков азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүндүгүн эскертти
Коңшу Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.Эл өкүлү өкмөттү азыртадан бул маселени ойлонуп, чара көрүүгө чакырды.
"Азык-түлүк коопсуздугун азыртадан ойлонбосок, ушул жылы жана кийинки жылы оор болот. Айрыкча буудай, арпаны ошол мамлекеттен алабыз. Анан суу каптоонун айынан аларда түшүм өтө аз болот деп ойлойм", - деди Жумабеков.
Жогорку Кеңеш 18.04.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















