Караколдо көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты (видео)
Бүгүн, 18-апрелде саат 10:30да Каракол шаарынын Карасаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулардын ыкчам иш аракети менен коңшу батирлерге өрттүн жайылуусу токтотулду.
"Тилсиз жоо саат 11:00дө чектөөгө алынып, өрт толугу менен өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Караколдо көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















