Казакстанга жөнөтүлгөн "Жардам кербенинин" 2-бөлүгү Көлсары шаарына жетти
Кыргызстандан чыккан "Жардам кербенинин" 2-бөлүгү Казакстандын Көлсары шаарына жетти. Маалыматты ӨКМден билдиришти.Билдирмеге ылайык, аталган өлкөгө 7 жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
"Кыргызстандан Казакстандагы суу каптаган аймактагы калкка гуманитардык жардам алып келе жаткан 7 жүк ташуучу унаанын бирөөсү Костанай шаарына, дагы бирөө Орал шаарына жөнөтүлүп, ал эми Актөбе шаарында бир жүк ташуучу унаа калган.
Дагы 2 жүк ташуучу унаа Көлсары шаарына жетип, калган 2 унаа Актау шаарына бет алды", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















