УКМК экс-депутат Жолдошбаев мамлекетке келтирген зыянды толук төлөп бергенин маалымдады
Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.Маалыматка ылайык, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун, тагыраагы, 150 миллион сом төлөп берди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 16-апрелде Биринчи Май райондук соту Жолдошбаевдин бөгөт чарасын карап, 19-июнга чейин камакта калтырган.
УКМК 22-февралда "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталып, ага ээлик кылган Жолдошбаев кармалганын маалымдаган.
26-февралда анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-апрелге чейин камакта калтырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















