Бүгүн түндө Нарында жер титиреди
Бүгүн, 20-апрелге караган түнү Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.Маалыматка ылайык, түнкү саат 2:29да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















