Ош облусунда болгон катуу селдин кесепетинен бир адам каза болду
Өзгөчө кырдаалдар минисрлиги Кара-Кулжа районунун Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунда орун алган селден бир адам каза болгонун билдирди.Маалымдалгандай, аталган унаа жолунун 41-чакырымында жеңил унааны суу ташкыны агызып кетип, айдоочусу көз жумган. Анын ичинде айдоочудан тышкары 2 аял жана бир жаш бала болгон.
Бактыга жараша тирүү калган жүргүнчүлөрдү жергиликтүү тургундар аман алып калган.
Ал эми айдоочунун сөөгүн куткаруучулар сайдан таап чыгып, туугандарына өткөрүп бергени кошумчаланды.
Эске салсак, 20-апрелде Ош облусунун бир катар райондорундагы айылдарда катуу сел жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















