ӨКМ: "Сузакта 45 турак үйдүн короосун сел суулары каптады"
Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен 45 турак жайдын короолорун суу каптап, 4 турак үйдүн ичине сел киргендиги аныкталды.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга Жалал-Абад облустук башкармалыгынан, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынын жана ӨКМдин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдор, сел өтүүчү каналдар, коро-жайлар тазаланууда.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















