Жалал-Абадда Нарын дарыясына түшүп кеткен 6 жашар бала изделүүдө
Жалал-Абадда Нарын дарыясына агып кеткен 6 жашар өспүрүмдү издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, 2018-жылы туулган өспүрүм бала 23-апрелде саат 18:50дө Нарын дарыясына түшүп кеткен. Окуя Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылына жакын жерде болгон.
Андан бери издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.
"Бүгүн издөө иштерине 17 куткаруучу, 3 суучул, Таш-Көмүр РИИБинин 9 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















