Акыркы коңгуроо иш-чарасынын датасы айтылды
Өлкөдөгү мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт. Бул жөнүндө Билим берүү министрлиги билдирди.Билдирмеге караганда, иш-чара саат 9:00дө башталат. Салтанаттуу иш-чараны өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
"Мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө, ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине Акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат", - деп билдиришти министрликтен.
Министрлик буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















