Базар-Коргондо 23 жаштагы Гаухар дайынсыз жоголду
Базар-Коргон шаарынын Махмадали-Хажы көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну 2001-жылы туулган Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовна 21-апрель күнү саат 08:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Милициянын маалыматына ылайык, учурда Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жатат. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-170 сантиметр, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү халат, бутунда көк түстөгү жайкы сланцы болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03736) 5 02 61, 0997 30 10 15.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















