Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Бүгүн, 1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.Милиция коомдук тартипти камсыз кылуу, анын ичинде маданий-массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин комплекстүү планын бекитти.
"Май майрамдарында милиция жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Ички иштер министрлиги мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу үчүн уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаргандарга өзгөчө көңүл бурулат", - деп билдиришти ИИМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















