Бишкекте 40 жаштагы жаран телефон уудоого шектелип кармалды
Бишкекте телефон уурдаганга шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Свердлов РИИБинен билдирди.Маалыматка ылайык, былтыр 19-июлда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылдын 17-июлунда Киевский көчөсүндө жайгашкан соода борборунун бутиктеринин биринен 20 миң сомдук Infinix not 30 үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1984-жылы туулган П.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















