Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолу маал-маалы менен жабылат
Эртең, 4-майда Ысык-Көл районунда "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation" аталышындагы эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.Маалым болгондой, марафон катышуучулар Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы "Солемар" эс алуу жайынынын бурулушуна чейин чуркашат.
Ага ылайык, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып турат.
"Ошол себептен облус тургундары жана меймандар жолдо жүрүүдө ар кандай ыңгайсыздактарды алдын алып, алыс жолго чыккан жүргүнчү ташуучу автобустарга, таксилерге Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы, Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















