Путин элчи Гүлнара-Клара Саматты "Достук" ордени менен сыйлады
Владимир Путин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты жана өлкөнүң президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевди "Достук" ордени менен сыйлады. Документ Орусиянын укуктук актылар порталында жарыяланды.Жарлыкка ылайык, Орусия президенти бул сыйлыкка алар эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн арзыганын белгилеген.
Эске салсак, Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















