Кесиптик лицейлердин директорлук орундарына сынак жарыяланды
Кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматта документтерди кабыл алуу кечээ, 7-майда башталып, 20-майга чейин уланары айтылат.
Кесиптик лицейлердин жетекчилерине коюлган талаптар:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргызстандын жарандыгы;
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Өздүк арыз;
- Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
- Дело №.
Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К.Тыныстанов көчөсү, 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет.
Толук маалымат шилтеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















