Бишкекте башаламан соодага каршы рейддер уланууда
Бишкектин Биринчи май районунда күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.Мэриядан билдиришкендей, акимчиликтин кызматкерлери райондун Мамлекеттик салык кызматынын, МККБнын жана МАБдын өкүлдөрү менен биргеликте Профсоюз көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин рейд жүргүзүштү.
Анын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз соода кылган 3 пункт аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 434-беренесине ылайык жалпы суммасы 9000 сомдук протоколдор түзүлдү.
Белгилей кетсек, рейддер күн сайын жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















