Акыркы коңгуроо: Чүйдө бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Чүйдүн аймагында Акыркы коңгуроо иш-чарасына байланыштуу 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Маалыматты облустук ЖКККБдан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, мындай иш-чаралар өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында уюштурулган.
Чүй ЖКККБы өспүрүмдөргө унааны башкарууга жол бербөөгө чакырат. Эгер өспүрүм унаа башкарып бара жатканы аныкталган болсо, алардын ата-энеси дагы мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.
Эске салсак, өлкөдөгү мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Azat-123
15.05.2024. 16:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
портер ордунан жылып кеткенге окшогон кырсыктар эми кайталанбашы керек,
акыркы конгуроо бүткөндөн баштап түн киргенге чейин өспүрүмдөргө коюлган тартипти күчөтүү зарыл!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















