Жыргалаң суусуна 7 жана 8 жаштагы эки кыз түшүп кетти
Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Бүгүн, 19-май күнү да издөө иши уланып, ага Каракол шаардык өрт куткаруу бөлүгүнөн 37 куткаруучу, облустук башкармалыктан 1 куткаруучу дрон жана 2 кайык менен тартылган.
Мындан сырткары ИИМден 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам издөөгө чыгышты.
"Ак-Суу районуна караштуу Михайловка айылынын Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна 2017-жылы туулган К.М. жана 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткен", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















