Садыр Жапаров бүгүн Таласка барат
Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ИИБ имаратынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле президент "Бала-Саруу" ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып берүүнүн башталышы - 11:00.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















