Бишкекте 70 жаштагы Осмонбеков дайынсыз болууда
Бишкекте 1954-жылы туулган Курманбек Осмонбеков изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда милицияга О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал бир тууган агасы ошол эле күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып, издөөнү суранган.
Өзгөчө белгилери: оң бутуна аксайт.
Кийген кийимдери: кара спорттук шым, ак түстөгү көйнөк.
Милиция дайынсыз болуп жаткан адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды кабарлап коюуну суранат. Байланыш номурлар: 0312 56 32 48, 0507 231 298 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















