super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Кыргыз-Өзбек Жогорку сотторунун төрагалары кызматташуу меморандумуна кол коюшту

 

Бүгүн, 22-майда Ташкент шаарында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Өзбекстан Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.

Маалымдалгандай, жолугушуу Өзбекстан Жогорку сотунун имаратында болуп, тараптар эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосундагы байланыштарды бекемдеп, меморандумга кол коюшту.

Биз көп жылдар бою Өзбекстандын Жогорку соту менен тыгыз жана активдүү кызматташып келебиз. Ошол эле учурда биз кесиптик өз ара аракеттенүү аркылуу гана байланышпайбыз. Биздин кызматташтыгыбыз жана жолугушууларыбыз укуктук өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө да, достук мамилелерди өнүктүрүүгө да, Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого да салым кошуп жатканын канааттануу менен айта алам. Ал эми бүгүн меморандумга кол коюу ниети бул байланыштарды дагы бир жолу тастыктайт", - деди Базарбеков.

Ошондой эле ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги жыйынынын алкагында меморандумга кол коюлуп жатканын өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары Жогорку соттун төрагасы аталган документ сот адилеттиги системаларынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай дагы бир кадам болоруна тилектеш экендигин айтты.

Ага ылайык, Бахтияр Исламов төрага Замирбек Базарбековго Өзбекстан Жогорку Сотунун имараты, тарыхы, музейи жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын XIX кеңешмесине катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: