Бир жумада Токтогул суу сактагычында канча суу топтолду?
Токтогул суу сактагындагы суунун көлөмү 9 миллиард 853 миллион метр кубду түздү. Бул 31-майга карата "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтынан алынган маалымат.
Алсак, суунун агып кирүүсү секундасына 1004 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 201 метр кубду түзгөн.
Мекеменин сайтында былтыр 31-майда суу сактагычта 8 миллиард 585 миллион метр куб суу топтолгону жазылат.
27-майдан 31-майга чейин суу сактагычка топтолгон суунун көлөмү таблицада көрсөтүлөт.
| Датасы | суунун агып кирүүсү м3/с |
суунун агып чыгышы м3/с |
суунун көлөмү, млрд. м3 |
|---|---|---|---|
| 31.05.2024 | 923 | 201 | 9,853.68 |
| 30.05.2024 | 1004 | 210 | 9,791.28 |
| 29.05.2024 | 1177 | 269 | 9,722.64 |
| 28.05.2024 | 1230 | 181 | 9,644.20 |
| 27.05.2024 | 1220 | 220 | 9,553.56 |
Маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтынан алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















