Сокулукта зордуктоого шектүү камакка алынды
Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектүү жаран кармалды. Маалыматты Чүй облустук милициясы билдирип, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтты.Милицияга кечээ, 1-июнда Сокулук районунун Раздольный айылында зордуктоо болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда кечээ Сокулук районунун Раздольный айылынын паркында О.А. зордукталганы аныкталган. Кылмыштын изи сууй электе шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















