Алайга кар жаады. Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун кардан тазалоо иштери жүрүүдө
Алай районуна караштуу Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда (170-250-чакырымдар аралыгы) жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бүгүн, 4-июнда билдирди.Ага ылайык, жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен атайын техникалар тартылды.
"4-июнга караган түнү жаап баштаган кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жетти. Азыркы тапта да күн бүркөк. Жолдор ачык, каттам бар", - деп билдиришти министрликтен.
04.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















