Кыргызстандык бийчилер эл аралык турнирде алтын медаль алышты
Кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Германияда өткөн «WDSF Open taken place in Bremen - Germany - 2024» турниринде алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.Сынак Бремен шаарында 2-июнда болуп, 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.
"Турнирге катышкан 48 жуптун арасынан кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова алтын медалды жеңип алышты", - деп билдирди Титунин.
«WDSF Open taken place in Bremen - Germany - 2024» эл аралык турнирине Испания, Германия, Италия, Эстония, Латвия, Португалия, Грузия, Кыргызстан жана башка Европа, Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















