Бишкекте бардык интернет провайдерлеринин кабелдери жер астына түшүрүлөт
Байланыш операторлор ассоциациясында "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Махабат Шамбетованын борбордун интернет-провайдерлеринин өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.Маалымдалгандай, кеңешменин жүрүшүндө провайдерлердин аба чубалгыларын "Кыргызтелеком" ААКсынын Бишкек шаардык телефон тармагынын жер астындагы каналдарына кошуу маселеси талкууланды.
Ага ылайык, учурда Бишкек мэриясы тарабынан телефон канализациясын курууну пландаштыруу боюнча техникалык иштер жүргүзүлүүдө.
"Тиешелүү кызматтар тарабынан интернет-провайдерлердин өкүлдөрүнө аба чубалгыларын демонтаждоо зарылдыгы тууралуу эскертүүлөр жөнөтүлдү.
Техникалык иштердин жана көрсөтүлгөн линияларды кайра коюунун убагында интернет-провайдерлер учурдагы түрүндө убактылуу иштешет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















