Кадамжайда сел каптаган жол калыбына келтирилди
Кечээ, 5-июнь күнү кечинде жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжайдын Майдан айылындагы Гараж, Анипа, Чокой сел өткөрүүчү сайларына сел суулары келген. Бул боюнча ӨКМдин маалыматында айтылат.Анда сай ичиндеги Үч-Коргон–Дароот-Коргон ички чарбалык жолун сел суулары каптаганы аныкталган.
Калыбына келтирүү иштерине 40 тургун, 2 жеке менчик экскаватор жана 1 КамАЗ тартылган. Натыйжада Үч-Коргон–Дароот-Коргон унаа жолу толугу менен калыбына келтирилип, жол каттамы ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















