Футбол: Кыргызстанда биринчи жолу VAR системасы колдонулат. Кайсы оюнда?
Жалал-Абадда 20 жашка чейинкилер арасында Орто Азия чемпиондугу өтөт жана анда VAR системасы колдонулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.Андагы маалыматка ылайык, 5-12-июль күндөрү Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жашка чейинки курама командалары арасында чемпиондугу орун алат. Аталган эл аралык мелдешке Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары катышат.
"Ал мелдеште биринчи жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулат. Азыркы учурда, Кыргыз футбол биримдиги алдыдагы турнирде колдонуу үчүн бул системанын техникалык жабдууларын даярдоону аяктоодо", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















