Эртең Оштун кээ бир айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 13-июнда Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Чектөө пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу экенин "Ошэлектр тармактар" ишканасы билдирди.Бул күнү саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
- Араван РЭТ: Достук айыл аймагы Төлөйкөн, Жаңы-Арык, Кызыл-Коргон, Мангыт, Жаңы-Араван, Пахта-Абад, Кесек айылдарында.
- Кара-Суу РЭТ: Кара-Суу районунун Ак-Терек, Жаңы-Арык, Каарман, Асан-Чек, Кыргыз-Чек айылдарында.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр тармактар" ишканасы кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















