Жалал-Абадда "Тез жардам" унаасына жол бербеген 11 айдоочуга айып пул салынды
Жалал-Абадда "Тез жардам" унаасына жол бербеген 11 айдоочуга 10 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, кечээ, 12-июнда Жалал-Абад шаардык ЖКККБ тарабынан "Маяк" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Анын натыйжасында "Тез жардам" унаасына жол бербеген 11 айдоочуга айып пул салынды.
Белгилей кетсек, аталган иш-чараны бир айда эки ирет өткөрүп туруу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















