Оштогу негизги көчөлөрдүн бири бүгүн жабылат
Ош шаарындагы Таттыбүбү Турсунбаева көчөсүн кеңейтүү үчүн аталган унаа жол бүгүн кечтен баштап жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады."Т. Турсунбаева көчөсүндөгү жолду кеңейтүү жана жаңыдан асфальт төшөө иштерине байланыштуу аталган көчө темир жол кесилишинен ("Зухра" кафеси болжолу) Артыков көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгү биринчи этапта бүгүн саат 22:00дө унаалардын каттамы үчүн жабылат.
Бул көчөдөн жүрүүчүлөр маршруттарды алдын ала башка багыт боюнча тандап алууңуздарды суранабыз", - деп билдиришти мэриядан.
Ош мэриясы жабылган унаа жол качан ачыларын тактаган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















