Ноокат районунда селден улам эки адам каза болгону айтылды
Бүгүн, 28-июнда Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы билдирди.Билдирүүгө ылайык, саат 16:10 чамасында Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел сайы аркылуу сел жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо максатында Ноокат райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган.
"Алдын ала маалымат боюнча, Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында селдин кесепетинен 2 адамдын (1 эркек киши, 1 кыз) жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Алардын аты-жөнү такталууда" деп билдиришти башкармалыктан.
Кошумча маалымат берилет.
28.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















