Эртең Орто-Токой ГЭСин куруу иштери башталат
Бүгүн, 28-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСнин курулуш иштерине карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.Белгилүү болгондой, эртең, 29-июнда Орто-Токой ГЭСти куруу ишинин башталышына карата капсула салуу иш-чарасы өткөрүлөт.
Аталган суу сактагычка кубаттуулугу 21 МВт болгон ГЭС курулат. Буга байланыштуу “Чакан ГЭС” ААК менен кытайлык CНMC (China National Heavy Machinery Corporation) компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган.
ГЭСти 2 жылдын ичинде куруп бүткөрүү пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















