Ноокатта селден каза болгондордун саны 9га жетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны тогуз кишиге жеткенин билдирди.Министрлик бүгүн, 30-июнда тараткан маалыматка таянсак, Абшыр-Ата айылында издөө иштеринде жаш баланын сөөгү табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.
Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 53 куткаруучу, ИИМден 120 кызматкер, Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылды.
Буга чейин 28-июнда катталган Ноокаттагы селден сегиз адам каза болгону маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















