Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда расмий сапар менен Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, өлкө башчынын борту Астана шаарындагы Н. Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
"Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















