Бишкекте эртеңден тарта жаңы №104 автобус каттамы иштей баштайт
Эртең, 12-июлдан тарта Бишкек шаарында №104 автобус каттамы иштей баштайт.
Калаа мэриясынан билдиргендей, №104 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Эне-Сай” конушунда жана “Орто-Сай” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 15-17 мүнөттү түзөт.
Аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилгени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















