"Бир үй-бүлөнүн үч кызы дайынсыз". Ошто сел агызып кеткен төрт жаран изделүүдө
Бүгүн, 14-июлда Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 44 жаштагы Д.Н. аттуу келин жана анын 19, 10 жана 6 жаштагы кыздарын суу агызып кеткен. Учурда жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.
Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланганы кошумчаланды.
Видео: ӨКМ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















