Шашылыш билдирүү! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Бишкекте жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
"Урматтуу жарандар! Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















