super.kg logo

РСК Банктын акчасын колдонгон компания 4,2 миллион сомду бюджетке кайтарды

 

КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК)  Коррупция менен күрөшүү кызматы «Total Assets Management» компаниясынын жалпысынан 8,5 миллион сомдук салыкты төлөөдөн баш тарткандыгын аныктады. Бул тууралу бүгүн, 25-декабрда МУККтун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул компания 907 миң доллар киреше тапкан. Бирок ага карабастан 1 миллиондон ашык АКШ долларын иштетип жана “Форекс” рыногунда бир нече валюта операцияларды ишке ашырып, салык отчётторунда нөлдөгөн көрсөткүчтөрдү жарыялаган.

2013-жылы 26-августта бул факты боюнча КРнын МУККтун тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Чарбакер субъекттердин кызматкерлердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу мүчө төгүмүн төлөөдөн баш тартуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Коррупция менен күрөшүү кызматы тергөөнүн жүрүшүндө «Total Assets Management» компаниясынан 4,2 миллион сом чыгашанын ордун жабуу катарында КРнын МУККтун депозиттик эсебине кайтарып берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: