Ошто 16 жаштагы бала мончодогу бассейнге чөгүп каза болду
Ош облусунда өспүрүм бала бассейнге чөгүп каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-июлда облустук милициядан тастыктады.
Окуя 14-июлда болгон. Ал күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну мончо ичиндеги бассейнге чөгүп кетип каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары анын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Андыктан сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:13
2025-08-17

15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.