Ошто өч алууну көздөп таанышын ичке сайган шектүү кармалды
Ош шаарынын 19 жаштагы тургунуна оор жаракат келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июлда 2005-жылы туулган А.уулу А.ны мурунтан тааныш болуп жүргөн Ариет аттуу жаран телефон чалып, кездешүүгө чакырган. Ал барганда таанышы атайылап ичке бычак менен сайып салган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2005-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен камакка алынган.
"Тергөөдө шектүү жабырлануучу экөөнүн пикири мурдатан бери келишпей жүрүшкөндүгүн билдирип, өч алуу үчүн ушул ишке барганын айткан", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:13
2025-08-17

15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.