super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди койду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында өкмөт башчы фискалдык органдын алдына төмөндөгүдөй бир катар милдеттерди койду:

- салыктарды ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын азайтып жана салык карызы (недоимка) боюнча иш чараларды күчөтүш керек;
- социалдык-экономикалык чөйрөдөгү маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон көлөмдө салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну камсыз кылуу зарыл;
- салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун бардык элементтерин толук жана сапаттуу ишке киргизүүнү аяктап көмүскө экономиканы азайтып жана контрабандалык продукцияны ташып келүүгө каршы күрөшүү;
- салык төлөөчүлөрдү натыйжалуу жана сапаттуу тейлөө үчүн Салык кызматынын системаларынын ылдамдыгын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган IT-инфрастүзүмдөрүн өркүндөтүү;
- салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн электрондук кызматтарды өркүндөтүү жана толуктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн салыктык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу үчүн облустук жана райондук борборлордо төлөөчүлөрдү тейлөөнүн кошумча борборлорун ачуу;
- салыктык башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун, тактыгын жана ачыктыгын жакшыртууга багытталган аналитикалык инструменттерди киргизүү, бул өз кезегинде жыйымдарды көбөйтүүгө жана салыктык жоготууларды кыскартууга өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: