Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолу жабылды (видео)
Бүгүн, 23-июлда саат 17:15 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жолу жабылды.
"Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Ноокатта кайрадан сел жүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















