Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт
25-июлдан 29-июлга чейин өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ сел коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү жарык, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















