Кыргыз улуттук “Манас” театрына жаңы жетекчи дайындалды
Бүгүн, 24-июлда Кыргыз улуттук “Манас” театрына Нурбек Талантбеков директор болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Анда министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев жетекчини тааныштырып, ага ийгиликтерди каалаган.
Буга чейин Нурбек Талантбеков директордун милдетин аткаруучу, директордун орун басары кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, 15-июлда Азиз Биймырза уулу өз арызынын негизинде театрдын жетекчилик кызматынан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















